Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2016-жылдын 6-январында, өлкөбүздүн транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун курулушу жана реабилитациялоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле өлкөнүн аэропортторун реконструкциялоо жана кайрадан жабдуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Аргынбек Малабаев  ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен «Кыргызстан - Кытай» темир жолунун курулуш долбоорун илгерилетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында дагы айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министрине  өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниси бар транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга  тиешелүү бир катар тапшырмаларды берди.

2016-жыл 6-январь