Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо, жөнөтүү жана кызматынан бошотуу тууралуу Жарлыктарга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш Чүй облусунун Чүй ( 3 талапкер) жана Ысык-Ата (7 талапкер) райондук сотторунун судьялары кызматтарына 10 талапкерди дайындоо  боюнча сунуштарды  киргизген.

2015-жылдын 28-декабрында Мамлекет башчысы бул талапкерлердин айрымдары менен  аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнү эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин 5 талапкер  боюнча сунуштарына макул болду.

Түрдүү мамлекеттик органдардан  кошумча түрдө алынган  маалыматтарды жана  пикирлерди  талдоонун жыйынтыгында Мамлекет башчысы сунуш кылынган 5 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти 2016-жылдын 4-январында 3  Жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен конкурс менен тандалган төмөндөгү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына  дайындалышты: Динеев Мирад Сагынбекович, Ибраимкулов Кангелди Рыскулбекович, Канульков Марат Эдильевич, Кемелова Жылдыз Дуйшенбековна, Оморова Майрам Карыпжановна.

Экинчи Жарлык менен Динеев Мирад Сагынбекович жана Кемелова Жылдыз Дуйшенбековна   Чүй облусунун Чүй райондук сотунунун, ал эми Ибраимкулов Кангелди Рыскулбекович, Канульков Марат Эдильевич жана  Оморова Майрам Карыпжановна Чүй облусунун Ысык-Ата райондук  сотунун судьясынын  ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жөнөтүлүштү.

Үчүнчү Жарлык менен Чүй облусунун Чүй (3 судья)  жана Ысык-Ата (4 судья) райондук  сотторунун  азыркы курамы судьялык кызматынан бошотулду.

Жарлыктарга ылайык судьяларды дайындоо, жөнөтүү жана бошотуу 2016-жылдын 11-январынан тартып  ишке ашырылат.

2016-жыл 5-январь