Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомол жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомол жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 24-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда республикалык бюджеттин кирешелери расмий трансферттер менен 124,4 млрд сом суммасында бекитилет, бул ИДП карата 24,8% түзөт. 2016-жылы республикалык бюджеттин чыгашаларынын көлөмү 146,8 млрд сомдун же  ИДП карата 29,3% денгээлинде белгиленген.

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карыздарын тейлөөгө 2016-жылы 21 870 млн сом пландаштырылууда.

2016-жылы капиталдык салымдар 4 760,9 млн сом суммасында каралган.

2016-жылга республикалык бюджеттин дефицити 22 454 млн сом деп болжолдонууда, бул ИДПга карата 4,5% түзөт.

2015-жыл 31-декабрь