Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы  тууралуу отчетту бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 Мыйзам  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 24-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы  тууралуу отчет атайын каражаттар кирешелер боюнча 105 264 177,1 миң. сом суммада,чыгашалар боюнча107 400 085,8 миң. сом суммада, кирешелерге караганда чыгашалар (дефицит) 2 135 908,7 миң. сом суммада көптүк кылгандыгы  эске алынып бекитилет

2015-жыл 31-декабрь