Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар журналисттерди энчилүү сааттар менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 31-декабрында, кесиптеги сиңирген эмгеги жана ата мекендик журналистиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар журналисттерди Кыргыз Республикасынын Президентинин  энчилүү сааты менен сыйлоо жөнүндө буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, Президентинин  энчилүү сааты менен төмөндөгүлөр сыйланды:

Бердникова Евгения Александровна - «Бешинчи канал» жабык акционердик коомунун башкы директору;

Тазабеков Марат Касымбекович - «АКИpress» маалыматтык агенттигинин уюштуруучусу;

Саралаева Лейла    Маратовна - «Новые лица» гезитинин башкы редактору.

Любезнова Наталья Евгеньевна - «Интерфакс» маалыматтык агенттигинин өздүк кабарчысы;

Абдыбеков Жолдошбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын экономикалык жана инновациялык программалар студиясынын режиссеру.

2015-жыл 31-декабрь