Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хе Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хе Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. 

 “2016-Жаңы жылга байланыштуу менин эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Жалпы Кыргызстан элине бактылуу Жаңы жыл жана белгиленген бардык пландардын ишке ашышын каалайм. Кызматташуубуз ишенимге жана достукка таянып,  мындан  ары да  эки өлкөнүн жана жалпы адамзаттын жыргалчылыгы үчүн өнүгө берсин”,- деп белгиленет Корея Республикасынын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

2015-жыл 30-декабрь