Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Казакстан  Республикасынын  Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек  Атамбаевди жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Президент Нурсултан Назарбаев жалпы казакстандыктардын жана жеке өзүнүн атынан Президент Алмазбек Атамбаевди Жаңы 2016-жыл менен куттуктады. 

Нурсултан Назарбаев  Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, бакубатчылык жана  мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми  Кыргызстан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады. 

2015-жыл 30-декабрь