Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте балдар үчүн Президенттик жаңы жылдык балаты өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 25-декабрында,  Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык  майрамга катышты.

Майрамдык иш чарага өлкөнүн бардык аймагынан 8 жаштан 14 жашка чейинки курактагы 1100 бала чакырылган. Алардын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык конкурстардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн окуучулары, ошондой эле ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.

Балдарга «Шаттык» элдик үлгүлүү хореографиялык ансамблинин бийлери, эстрадалык ырчылардын жана лазердик шоу менен коштолгон жаңы жылдык оюн-зооктор тартууланды. Майрамдык кечени  “Керемет көч” мультфильминин персонаждары Акылай менен Актан алып барышты.

Жаңы жылдык программанын аягында Президент Алмазбек Атамбаев майрамдык балатыга катышкан ансамблдин катышуучуларына, алып баруучуларга жана артисттерге өзгөчө ыраазычылык билдирди. 

“Жаңы жыл мен үчүн эң жакшы майрамдардын бири. Жаңы жыл менен Нооруз –  эң байыркылардан. Кубанычтын, жакшылыктын жана тилектердин майрамы”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап,  жакшы адамдардан болгула, жакшы окугула, чет тилдерди үйрөнгүлө деген каалоолорун айтты. “Билимиңер – силердин болочок үйүңөр. Эгерде үйүңөр бекем болсун десеңер, пайдубалын бекем кылып койгула. Билимге умтулгула. Ата-энеңерди сыйлагыла. Боорукер жана сабырдуу болгула”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн балалыгы, кыялдары  тууралуу айтып келип, балдарды кыялданууга жана дайыма жакшылыкка ишенүүгө чакырды. “Бүгүнкү көрсөтүлгөн жомоктун башкы мааниси - эгерде бир нерсеге терең ишенсеңер, ал кыялыңар сөзсүз орундалат. Ошондуктан дайыма кыялданып, ишеним менен жашаш керек. Эч качан көздөгөн кыялыңарды унутуп, андан баш тартпагыла”, - деп  Президент  балдарга бак-таалай жана чың ден-соолук каалады.

Жаңы жылдык майрам аяктагандан кийин балдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан белектер тапшырылды.

2015-жыл 25-декабрь