Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жыл сайын өткөрүлүүчү басма сөз жыйыны болду

2015-жылдын 24-декабрында,  “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаевдин басма сөз жыйыны өткөрүлдү.

Үч сааттан узакка созулган басма сөз жыйынында Мамлекет башчысы  узап бараткан жылдын жыйынтыктары тууралуу айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Басма сөз жыйынына чет элдик, республикалык жана аймактык 76 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 130га жакын журналисттери катышты. Журналисттер 45ке жакын  суроо беришти.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Президент Алмазбек Атамбаев  ишке ашырылып жаткан улуттук долбоорлор, инвестицияларды тартууну улантуу зарылчылыгы, ошондой эле стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташуу жана транспорт, инфраструктура, гидроэнергетика, жалпы эле экономикада биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө айтып берди.

Журналисттерди тышкы саясаттагы, тактап айтканда дүйнөдөгү акыркы кезде болуп жаткан окуялардын фонунда Кыргызстандын позициясына байланыштуу суроолор кызыктырды. Ошондой эле улуттук экономиканы чыңдоо боюнча пландар, кризиске каршы чараларды киргизүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, ички жолдорду куруу жана реконструкциялоо, парламенттик башкарууга өтүү жана конституциялык реформа, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо, сот реформасы жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине байланыштуу суроолор берилди.

Андан тышкары ЖМК өкүлдөрү мыйзам чыгаруу демилгелери, тактап айтканда казино жана БӨУ ишмердигине байланыштуу, Кумтөр кенинин тегерегиндеги кырдаал, Кыргызстанда жана жалпы эле аймакта терроризм коркунучу, ага каршы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан күрөш, оппозиция, кадрдык саясат, чек аралар, ошондой эле Мамлекет башчысынын  2017-жылы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийинки пландарына байланыштуу  суроолорду беришти.

2015-жыл 24-декабрь