Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 22-декабрда Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында “Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер  менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын газ бөлүштүрүү системасын өнүктүрүү, газ менен камсыздалган обьекттерди реконструкциялоо, региондорду газдаштыруу боюнча компаниянын учурдагы ишмердиги, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык секторуна инвестиция салуу боюнча пландар талкууланды.

Ушуну  менен Мамлекет башчысынын Россияга жасаган иш сапары аяктады. Бүгүн Президент Бишкекке кайтып келет.

2015-жыл 22-декабрь