Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын тар курамдагы жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-декабрда Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында Москвада өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын тар курамдагы жыйынына катышты.

Жолугушуу жабык эшик артында өтүүдө.

Тар курамдагы жыйындан кийин мамлекет башчылары кеңири курамда ишти улантышат, анда Уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү талкууланат.

2015-жыл 21-декабрь