Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Жамаатык коопсуздук кеңешинин кезектеги кеңири курамдагы сессиясына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 21-декабрда Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кеңири курамдагы сессиясына  катышты.

Жыйындын жүрүшүндө дүйнөдөгү азыркы кырдаал жана Уюмдун мындан аркы аракеттери тууралуу пикир алмашуу   болду.

Жыйындын жыйынтыгы менен төмөндөгү документтерге кол коюлду:

1.Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын дүйнөдөгү азыркы кырдаал жөнүндө билдирүүсү;

2. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы жөнүндө” чечими;

3. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун туруктуу иштеген жумушчу органдарынын кызмат адамдарын ротациялоо жөнүндө” чечими;

4. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгынын 2015-жылдагы ишмердигин финансылоо чыгымдарынын Сметасында  айрым статьялар (подстатьялар) боюнча ассигнованиелерди кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө” чечими;

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кеңири курамдагы сессиясы  аяктагандан кийин Армениянын Президенти Серж Саргсян менен ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кезектеги жыйындын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.

2015-жыл 21-декабрь