Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-декабрда Россия Федерациясына иш сапарынан алкагында Москвада Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы кезектеги сессиясына катышты.
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин ЖККУнун мүчө-мамлекеттеринин мамлекет башчыларын тосуп алып, протоколдук сүрөткө түшкөндөн кийин, сессиянын катышуучулары тар курамда жолугушууга жөнөштү.
ЖККУнун мамлекет башчыларынын жолугушуусу аяктагандан кийин жыйын кеңири курамда уланды.