Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев совет доорундагы көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Ахматбек Сүйүмбаевдин 95 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдоду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев совет доорундагы көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Ахматбек Сүйүмбаевдин  95 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Быйыл жалпы кыргыз журтчулугу совет доорундагы көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Ахматбек Сүйүмбаевдин 95 жылдыгын белгилеп жатат.

Ахматбек Сүйүмбаев турмуштун бардык кыйынчылыктарын көтөрүп, өз мээнети, ак эмгеги менен бийик даражага жетишкен. Эмгек жолун алыскы Нарын жергесинде  катардагы  бухгалтер катары баштап, Кыргызстандын  Министрлер Советинин Төрагасына чейинки байсалдуу жолду басып өткөн.

Жоо жакалап, жалпы элибиз фашизмге каршы көтөрүлгөндө колуна курал алып, кан майданга аттанган. Катардагы жоокерликтен тартып, бөлүмдү, взводду, ротаны, кийин батальонду башкарганга чейин көтөрүлгөн. Жоокерлерди Улуу Ата Мекендик  согушта Жеңишке шыктандырган тайманбас жана  каарман командир катары эки ирет Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендерине татыктуу болгон.

Өлкөбүзгө тынчтык орногондон тартып Ахматбек агабыз өз кесиби боюнча  эмгек жолун улантып, талыкпаган аракети, эмгекчилдиги аркасында улам бийик баскычтарды багындырган. Кыргыз ССР финансы министри, Ош областтык аткаруу комитетинин төрагасы, компартиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы, кийин Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп дайындалган.

Ахматбек агабыз совет доорундагы жаратман  муундун татыктуу өкүлү. Кайсы кызматта болбосун иштин майын чыгара иштеп, мамлекеттин алдыга жылышына, өнүгүшүнө жана өсүшүнө олуттуу салым кошкон. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгон чынчыл, калыс инсан болгон. Айрыкча Ош облусун өнүктүрүүгө  көп эмгек жумшаган. Анын ак эмгегинин акыбети катары бүгүнкү күндө Ош шаарындагы борбордук стадион Ахматбек Сүйүмбаевдин ысымын алып жүрөт.

Ахматбек агабыздын ак эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, эки ирет Ленин,  үч ирет Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. СССР Жогорку Советинин төрт жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Ахматбек Сүйүмбаевдин  өмүрү, басып өткөн жолу  элине, Мекенине чын  дилинен берилип кызмат кылуунун бийик үлгүсү. Көзү өтүп кетсе дагы  анын жасаган ак эмгеги кыргыз элинин жүрөгүндө ар дайым  жашай берет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти       Алмазбек Атамбаев”

 

2015-жыл 17-декабрь