Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев көрүнүктүү жазуучу жана котормочу Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына куттуктоо жолдоду

Президент Алмазбек Атамбаев  көрүнүктүү жазуучу жана котормочу Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Кыргыз адабиятында көрүнүктүү жазуучулар тууралуу көп жакшы кептерди айтсак болот. Бирок Ашым Жакыпбеков жөнүндө сөз өзгөчө.

Быйыл жалпы кыргыз журтчулугу кыргыз адабиятынын көрүнүктүү  өкүлдөрүнүн бири, көркөм сөз чебери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Ашым Жакыпбековдун 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

Ашым агабыздын көркөм чыгармалары, котормолору, макалалары эч бир адамды кайдыгер калтырбаган, өзү адамдык касиети  бийик  жөнөкөй инсан болгон.

Ашым Жакыпбековдун “Кыргызфильмде” эмгектенген жылдары кыргыз киносунун кайра жаралуу мезгилине туш келген. Ошол жылдары  улуттук кинодо “кыргыз керемети” жаралып, элдин купулуна толгон фильмдердин башкы редактору  – Ашым Жакыпбеков болгон.  Көркөм сөз чебери катары  ал  элдин сүйүктүү каармандарын кыргызча жатык тил менен  сүйлөтүүгө көп эмгек жумшап, өзү дагы "Биз атасыз  өскөнбүз”, "Катаал багыт”, "Айдагы жезкемпир” жана "Чолпонбай” аттуу киноповесттерди жараткан.

Ашым Жакыпбеков кыргыз көркөм котормосун өнүктүрүүгө зор салым кошкон жазуучулардын бири. Ал кыргыз окурмандарын дүйнөлүк классик жазуучулардын чыгармалары менен тааныштырып, орус классиктери Михаил Лермонтовдун, Антон Чеховдун, Максим Горькийдин чыгармаларын кыргыз тилине көркөм которгон.  Залкар  жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун орус тилинде жазылган көптөгөн чыгармаларын кыргызчалоого кол кабыш кылган.

Ошондой болсо дагы Ашым Жакыпбековдун кыргыз адабиятына калтырып кеткен эң чоң эмгеги – “Теңири Манас” романы. Ашым агабыз “Манас” эпосун кара сөз түрүндө сүйлөтүүгө чоң чеберчилик,  зор эмгек жумшап, сөз кадырын билген чоң талант экендигин далилдеп кетти. Ошол эмгеги үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

Ашым агабыз чыгармаларында, котормолорунда кыргыз тилинин көөнөргүс байлыгын өтө чеберчилик менен пайдаланып, өзүн чыгаан жазуучу катары тааныта алган. Анын чыгармаларынын ар бир сабынан, сүйлөмүнөн улуттун руханий дөөлөтү, нукура элдик дүйнө таанымдын илеби келип турат.

Ашым Жакыпбековдун улуттук адабиятка сиңирген эмгеги мезгил сыноосунан, окурмандардын элегинен ийгиликтүү өтүп, окурмандарга чыныгы эстетикалык жана руханий азык тартуулап, адабият тарыхында, элдин жүрөгүндө түбөлүккө жашап калат.

Кыргыз Республикасынын

Президенти Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 15-декабрь