Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Катардагы билим берүү, илим жана коомду өнүктүрүү Фонду жана “Билим шаарчасы” комплекси менен таанышып чыкты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  2015-жылдын 14-декабрында Катар Мамлекетине иш сапарынын алкагында Катардагы билим берүү, илим жана коомду өнүктүрүү Фондуна барып, “Билим шаарчасы” (Билим берүү) комплекси менен таанышып чыкты.

Фонд менен таанышуу учурунда Мамлекет башчысына Билим берүү, илим жана коомду өнүктүрүү фондунун ишмердиги жөнүндө бет ачар өткөрүштү.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев  Фонддун штаб-квартирасы менен таанышты, “Билим шаарчасы” (Билим берүү) комплексин көрүп чыгып, Фонддун эстелик китепчесине өз каалоосун жазып калтырды. 

Маалымдама: Катардагы билим берүү, илим жана коомду өнүктүрүү Фонду 1995-жылы Катардын Эмири Шейх Хамад Бен Халиф Аль Танинин Жарлыгы менен түзүлгөн.  Анын негизги максаты  –  Катардын бардык жарандарына сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз  кылуу, Катардагы билим берүүнү, инновациялык изилдөөлөрдү  дүйнөлүк деңгээлге жогорулатуу. Диабетке каршы күрөшүү боюнча Катардын Ассоциациясын жана 1995-1996-жылдары социалдык өнүктүрүүнүн борборун түзүү Фонддун алгачкы долбоорлорунан   болуп калды.

Фонддун штаб-квартирасы Доха шаарындагы 2003-жылы ачылган “Билим шаарчасында” жайгашкан.

Илимий шаарчасынын  жалпы аянты 100 миң чарчы метр.  Шаарчанын мүнөздүү айырмачылыгы –  анын түзүмдөрү  өз тармагында дүйнөлүк лидер болгон билим берүү борборлорунун филиалдарын гана камтыйт. Шаарчада  дүйнөгө белгилүү университеттердин алты бөлүмү жайгашкан, аларда дүйнө өлкөлөрүнөн келген студенттер билим алат.

“Билим шаарчасы”  Катардын жана жалпы эле Жакынкы Чыгыштын илимий-билим берүү, педагогикалык жана маданий борборлорунун бири болуп эсептелет.

2015-жыл 15-декабрь