Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль-Сабахтын катышуусу менен Президент Алмазбек Атамбаевди расмий узатуу аземи болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кувейт Мамлекетине жасаган расмий визитинин алкагында бүгүн, 2015-жылдын 14-декабрында, Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль-Сабахтын катышуусу менен Мамлекет башчысын расмий узатуу аземи өткөрүлдү.

Президент Алмазбек Атамбаевди расмий узатуу аземинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Кувейт Мамлекетинин гимндери аткарылды, андан соң Мамлекет башчылары Ардактуу кароолдун ротасынын  катарын кыдырып чыгышты.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев Катар Мамлекетине иш сапар менен жөнөп кетти.

2015-жыл 14-декабрь