Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-кувейт инвестициялык форумунун биринчи жыйынынын ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  2015-жылдын 13-декабрында Кувейт Мамлекетине жасаган расмий визитинин алкагында кыргыз-кувейт инвестициялык форумунун биринчи жыйынынын ачылышына катышты.

Кыргыз-кувейт инвестициялык форумунун жыйынын  Кувейттин Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Абдульвахаб Мохаммад Абдулла Абуль-Хасан ачты.

Өз сөзүндө Кувейттин Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү зарылчылыгын белгиледи. “Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер зор потенциалга ээ. Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий визити

кыргыз-кувейт  кызматташуусун өнүктүрүүгө жаңы дем берет”,- деп Абдульвахаб Мохаммад Абдулла Абуль-Хасан  туризм, экономика жана инвестиция тартуу чөйрөлөрүндө  кызматташууну өнүктүрүү мүмүкүнчүлүктөрү бар экендигин кошумчалады.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев  куттуктоо сөз  сүйлөдү. Мамлекет  башчысы  Кыргызстанда  туруктуу өнүгүү үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи. “Акыркы  төрт жылда Кыргызстанда туруктуулук орноп, өлкөбүз өзгөрдү. Ири инвестициялар келе баштады. Биз эми араб өлкөлөрүнөн инвесторлордун тобун күтүп жатабыз. Кыргызстан оор сыноолорду баштан кечирди: биз эки революциядан өттүк. Араб өлкөлөрүндө жана Украинадагы азыркы абалдан биз эки ирет өттүк. Бирок бүгүн өлкөдө туруктуулук орногон. Акыркы төрт жылдын аралыгында бюджеттин киреше бөлүгү дээрлик үч эсеге өстү, өлкөдө либералдуу мыйзамдар кабыл алынган”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент  ошону менен бирге  Кыргызстандын  кереметтүү жаратылышы жана өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү туурасында айтып берди. “Кыргызстан – кен байлыктарга бай кереметтүү өлкө: бизде түстүү металлдын мол запасы бар. Кыргызстан  - мөңгүлөрдүн өлкөсү жана  чоң дарыялардын башатында жайгашкан. Ошондуктан  өлкөбүздө гидроэлектростанцияларды курууга болот”,-деп Алмазбек Атамбаев кувейттик бизнесмендерди  Кыргызстанды өз көзү менен көрүп,  түрдүү долбоорлорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн  изилдеп көрүүгө чакырды.

“ Кыргызстан  Орто Азиянын  борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Ошондуктан биздин өлкөбүздү Борбордук Азиянын жүрөгү деп атасак болот. Инвесторлор бизге келип жатышат жана келе берет. Бирок биз  араб мамлекеттеринен  инвесторлорду көрүүгө кызыкдарбыз”,-деди Президент.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирликке мүчө болушу  Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы кызматташуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын баса белгиледи. “Кыргызстан бизнеске инвестиция салуу үчүн жакшы башталгыч  аянтча болуп саналат. Анткени  өлкөбүз  1,5 млрд. калкы бар Кытай менен чектешет, ошондой эле дээрлик 200 миллиондук өткөрүү рыногу бар бирликтин мүчөсү болуп саналат.  Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды пошлинасыз Россияга, Казакстанга жана Беларусиянын  рынокторуна  жөнөтсө болот”,-деп чечмеледи Мамлекет башчысы.

 “Биз кувейттик бизнесмендерге зарыл бардык шарттарды түзүүгө  даярбыз. Мен Кыргызстандын келечегине  ишенем, форумдун жыйынтыгы менен Кыргызстан  кувейттик достордун арасынан жаңы өнөктөштөрдү табат деп ойлойм”,- деди Президент.

Кыргыз-кувейт инвестициялык форумунун алкагында  Кувейт Мамлекетинин Соода-өнөр жай палатасы менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр палатасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү  жөнүндө меморандумга   кол коюу аземи өткөрүлдү.

Иш чаранын жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору Алмаз Сазбаков сөз сүйлөп, Кыргызстандын  инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туурасында бет ачар өткөрдү.

Андан соң инвестициялык форум “суроо-жооп” форматында өттү.

2015-жыл 14-декабрь