Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кувейт Мамлекетинин Премьер-министри Шейх Джабер Мубарак Аль-Хамад Аль-Сабах менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 13-декабрында, Кувейт Мамлекетине расмий визитинин алкагында Кувейт  Мамлекетинин Премьер-министри Шейх  Джабер Мубарак Аль-Хамад Аль-Сабах менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Шейх Джабер Мубарак Аль-Хамад Аль-Сабах Президент Алмазбек Атамбаевдин сапары ийгиликтүү өтөт деген ишенимин билдирди. “Сиз  Кувейтке расмий сапар менен келгениңизге кубанычтуумун”,-деди ал.

Мамлекет башчысы өз кезегинде кувейт тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Өлкөлөрүбүз үчүн өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлорду чогуу ишке ашыра алабыз деп ишенем. Ошондой эле Кувейт бизнесмендеринин Кыргызстанга келишин күтөбүз”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кувейттик кызматташуунун өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү тармактарында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

2015-жыл 13-декабрь