Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Воронеж облусундагы трагедияга байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 13-декабрында, Воронеж облусундагы психоневрологиялык интернатта адамдардын өлүмүнө алып келген трагедияга байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

Алмазбек Атамбаев  Кыргызстан элинин атынан  көңүл айтып, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө кайрат айткан сөздөрүн жолдоду.

2015-жыл 13-декабрь