Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын 80 жылдыгына карата куттуктоо жолдоду

Президент Алмазбек Атамбаев Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын  80 жылдыгына карата куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жамааты!

Сиздерди театрдын 80 жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм!

Орус драма театрынын тарыхы өлкөбүздүн тарыхы менен тыгыз байланышкан. Чыгармачылык жолун алыскы отузунчу жылдары “Борбор” деген спектаклдын премьерасынан баштап, театр республиканын маданий турмушуна жигердүү аралашты.

Сиздер көп жылдар бою театралдык сахнада асыл ойлорду жана терең сезимдерди чагылдырып келесиздер. Чындыкты жана сулуулуктун дүйнөсүн көрүүчүлөргө тартуулап, аларды мыкты сапаттарга тарбиялап жатасыздар. Тарыхтын даңазалуу учурларын кыргызстандыктарга тартуулап, адамдын инсан катары өсүшүнө өбөлгө түзүп келесиздер.

Сиздер жеткишкен ийгиликтер – көптөгөн муундагы актерлордун чыгармачылык изденүүсүнүн жана шыктануусунун натыйжасы. Улуттук орус драма театрын Кыргызстандын эл артисттери Мария Стряпкина, Эммануил Праг, Леонид Ясиновский, Александр Кулешов, Тамара Варнавских, Клавдия Гурьева сыяктуу ишмерлерсиз элестетүү мүмкүн эмес. Алардын ысымдары театрдын тарыхында түбөлүккө калат.

Театр түзүлгөндөн бери бир катар жакшы саамалыктар пайда болду. Алардын бири – эл аралык театралдык фестивалдарга, башка өлкөлөрдүн труппалары менен чыгармачылык  алмашууларга катышуу. 50-жылдардын аягында кыргыз искусствосунун Москвадагы экинчи декадасында Фрунзедеги Орус драма театры СССРдин эң мыкты театралдык жамааттарынын бири деген статуска ээ болгон. Театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Элдердин достугу ордени менен сыйланган. Мындан тышкары россиялык облустук театрлар жана театрдык ишмерлер менен тыгыз байланыш түзүлдү. Натыйжада театрга башкы режиссер болуп Владислав Пази чакырылып, театрды өнүктүрүүгө татыктуу салым кошту.

Ушул жылдары театрдын репертуарында кыргыз жазуучулары жана драматургдары Чыңгыз Айтматовдун, Мар Байжиевдин, Токтоболот Абдумомуновдун, Райкан Шүкүрбековдун жана башкалардын чыгармалары өзгөчө орунду ээледи.

80 жылдык тарыхта сахна чеберлери калтырган бай мурас жаңы ысымдардын пайда болушуна, көрүүчүлөрдү руханий жактан өстүргөн кызыктуу спектаклдердин коюлушуна түрткү берет, театр мындан ары да кыргыздын залкар жазуучусунун ысымын татыктуу алып жүрөт деп ишенем. 

Сиздерге чың ден-соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Көрүүчүлөр дайыма жогору баа берип, театр үчүн жасап жаткан эмгегиңер үзүрлүү болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти          Алмазбек Атамбаев»

2015-жыл 12-декабрь