Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 11-декабрында, Ашхабад шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн кызматташуусунун өз ара кызыкчылык туудурган тармактарындагы маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовго Түркмөнстанга келип, “Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” эл аралык конференциясына катышып кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 “Түркмөнстан  БУУ нейтралитетин бекиткен биринчи мамлекет болуп саналат.  Түркмөнстан туура тандоо жасагандыгын акыркы 20 жыл көрсөттү: мамлекет  ийгиликтүү өнүгүп, өзүнүн экономикалык өнүгүшүнө таянып, коңшу өлкөлөргө да колдоо көрсөтө алат”,-деп Мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго эл аралык конференцияны ийгиликтүү өткөрүшүн каалады.

Өз кезегинде Президент Гурбангулы Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, кыргыз-түркмөн мамилелеринин ырааттуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен билдирди. ”Сиз бул конференцияга келгениңизге кубанычтуумун. Сиздин эл аралык аренадагы көз карашыңыз биз үчүн абдан баалуу. Сиз ар  дайым  демилгелерибизди колдогонуңуз бизди абдан кубандырат. Эл аралык конференцияда регионалдык  жана глобалдык деңгээлде кызматташуу маселелерин талкуулаганга жакшы мүмкүнчүлүктөр болот”,-деди  Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөнстандын Президенти  Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары, конструктивдүү диалог жүргүзгөндүгү   тууралуу жакшы эскерүүлөр калгандыгын эске салды. “Эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү үчүн биз дагы көп  иштерди жасашыбыз керек”,-деп баса белгиледи ал.

Тараптар  Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда  соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө ишенимин билдиришти.

2015-жыл 12-декабрь