Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин «Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” аттуу эл аралык конференцияга катышуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-декабрда Түркмөнстанга иш сапарынын алкагында «Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” аттуу эл аралык конференциянын ачылыш аземине катышты.

Конференциянын башталышында делегация жетекчилери Түркмөнстандын Нейтралитети монументине гүл коюшту. 

«Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” аттуу эл аралык конференциянын катышуучулары биргелешип сүрөткө түшкөн соң иш-чаранын расмий ачылыш аземи болду.

Конференцияны Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов салтанаттуу сөз сүйлөө менен ачты.

2015-жыл 12-декабрь