Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Грузиянын Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-декабрда “Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” эл аралык конференциясына катышуу алкагында Ашхабад шаарында Грузиянын Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун ар кыл маселелери талкууланды.

Президент Георгий Маргвелашвили Президент Алмазбек Атамбаев менен болгон баардык жолугушуулар достук жана ишеним маанайда  өтөөрүн белгилеп, аны Грузияга расмий визит менен күтөөрүн кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев грузин коллегасы менен жолугушууга дайыма кубанычта экендигин белгилеп, Грузияга эмки жылы баруу ниетин билдирди.

Мамлекет башчылары ар кыл тармактагы кыргыз-грузин кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

2015-жыл 12-декабрь