Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга, Кувейтке жана Катарга сапар жасайт

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 11-15 -декабрында Түркмөнстанга, Кувейтке жана Катарга сапар  менен барат.

Сапардын алкагында Түркмөнстанда Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуп, “Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” эл аралык конференциясынын ачылыш аземине катышат.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев Грузиянын Президенти Георгий  Маргвелашвили менен жолугушат.

Андан  соң, 12-14-декабрда Мамлекет башчысы Кувейт Мамлекетине расмий сапар менен барат. Кувейттин жогорку жетекчилиги менен жолугушуп, кыргыз-кувейттик инвестициялык форумдун ишине катышат.

Кувейтке жасаган сапарынын жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу бир катар  макулдашууларга кол коюу болжолдонууда.

14-15-декабрда Президент Алмазбек Атамбаев Катар  Мамлекетине сапар жасайт. Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, инвестиция тартуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулайт.

2015-жыл 11-декабрь