Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КРнын Бельгиядагы Элчиси А.Исаев КРнын Франциядагы, Нидерланддагы, Люксембургдагы Элчиси жана КРнын Түндүк Атлантика келишим уюмундагы, БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз  Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 10-декабрында кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Брюссель шаарындагы Европа шериктештигинин комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Исаев Асеин Кусеинович Брюссель шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы, Нидерланддар Королдугундагы, Люксембург Улуу Герцогствосундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) туруктуу өкүлү болуп  дайындалды.

2015-жыл 10-декабрь