Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Индиядагы Элчиси Самаргүл Адамкулова эки ишти айкалыштырып, Кыргызстандын Бангладештеги жана Непалдагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз  Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 10-декабрында кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Адамкулова Самаргюл Эркиновна Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бангладеш Эл Республикасындагы жана Непал Федеративдүү Демократиялык Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

2015-жыл 10-декабрь