Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Сауд Араб Королдугундагы Элчиси Абдилатиф Жумабаев эки ишти айкалыштырып, Кыргызстандын Египет Араб Республикасындагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз  Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 10-декабрда кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жумабаев Абдилатиф Кудайкулович Эр-Рияд шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

2015-жыл 10-декабрь