Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды

Кыргыз  Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 9-декабрында, өлкөбүздүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил  Сегизбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учурдагы ишмердиги жана өлкөдөгү азыркы кырдаал тууралуу маалымат берилди.

Абдил Сегизбаев  ошондой эле  улуттук коопсуздукту, анын ичинде терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштү камсыз кылуу боюнча комплекстүү чаралар көрүлүп жаткандыгын, антитеррористтик иш чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында дагы маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында террористтик жана экстремисттик, ошондой эле алар менен байланышта  болгон уюмдардын ишмердигин аныктоо жана  тыюу салуу боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты.

2015-жыл 9-декабрь