Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев белгилүү ырчы Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракесине куттуктоо жолдоду

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун  тексти:

Урматтуу мекендештер!

Кылымдарды карыткан кыргыздын тарыхы, салт-санаасы, маданияты элдик оозеки чыгармачылык жана ырлар аркылуу муундан муунга берилип келген. Көчмөн турмуштун, согуш алааматтарынын катаал шарттарында элибиздин маданий дөөлөттөрүн  азыркы заманга чейин сактап жеткирүүдө ырчылар олуттуу милдет өтөгөн. Быйыл  калың кыргыз журтчулугу мына ошолордун арасында эң мыктылардын бири –  эл оозуна алынган айтылуу ырчы, Кыргыз  ССРинин эл артисти  Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

Элдик ырлар тууралуу кеп болгондо кыргыз эли биринчи кезекте уккулуктуу мукам үндүү Мыскал Өмүрканованы эстейт.  Мыскал Өмүрканова аткаруучулук чеберчилиги, жараткан тартуулаган  жагымдуу үнү  аркылуу   бүтүндөй бир муундун сүйүктүү ырчысы катары таанылып, жалпы элибиздин сыймыгына айланды.

Чыгармачылык чыйырын айыл жеринде элдик ырларды аткаруу менен баштаган   Мыскал  Өмүрканова  Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кыргыз филармониясынын ырчысы катары фронтко чейин барып, шаңшыган жагымдуу үнү, уккулуктуу ырлары менен  жоокерлерибизди Жеңишке шыктандырган. Кыргыздын кыйырын аралап, элибиздин демине дем, күчүнө күч кошкон артисттерибиздин бири болгон.

Таланттуу ырчы өзү дагы комузда  кол ойнотуп, “Ак бермет”, “Жүрөгүмдөн”, “Колхоздогу курбума”  жана “Колхозчунун күйгөнү” сыяктуу  ырларды жараткан.

Мыкты аткаруучу, комузчу, кайталангыс коңгуроодой  үндүү  Мыскал Өмүрканова эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. Ленин, эки ирет Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар менен  сыйланган.

Мыскал Өмүрканова улуттук музыка искусствосун өнүктүрүүгө зор салым кошкон кайталангыс талант катары элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө жашай берет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                              Алмазбек Атамбаев”.

2015-жыл 8-декабрь