Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 8-декабрда өлкөбүздүн  транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек  Малабаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде келечекте эл аралык транспорттук коридор боло турган, өлкөбүздүн региондору үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон автомобиль  жолдорун куруу жана реабилитациялоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Аргынбек Малабаев ошондой эле өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен “Кыргызстан-Кытай” темир жол курулушунун  долбоорунун  техникалык-экономикалык негиздемелери иштелип жаткандыгын маалымдады.

Андан тышкары транспорт жана коммуникациялар министри өлкөбүздүн облустук борборлорунда, шаарларында жана калктуу пункттарында жергиликтүү маанидеги автомобилдик жолдорду реконструкциялоо жана ремонттоо боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылууда  республикалык жана  эл аралык маанидеги  транспорттук долбоорлорду өз учурунда жана сапаттуу ишке ашыруунун өзгөчө маанисин баса белгилеп, жүргүзүлүп жаткан бардык иштерди так көзөмөлдөөгө тапшырма берди.

2015-жыл 8-декабрь