Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ичинен телерадио коомдук пикирге өтө таасирдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Ар бирибиздин иш күнүбүз таңкы теле жана радиоберүүлөр менен башталат, керек болсо күндүн маанайына из саласыздар.

Кыргызстан быйыл санариптик берүүгө өтүү менен кардарларды мазмундук жактан да, техникалык жактан да кыйла сапаттуу маалыматтар менен камсыз кыла баштады деп айта алабыз. Алдыда бүт телерадио тармагын техникалык жана технологиялык жактан жаңылоо милдети турат.

Азыр көрөрман менен угарман жалпы сөздөр менен курулай ураандардан көрө күнүмдүк жашоосуна пайдасы тийе турган берүүлөргө муктаж.

Сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан Борбордук Азияда алдыңкы сапта экени талашсыз. Биздин жалпыга маалымдоо каражаттары киришпеген, чагылдырбаган, сындабаган эч ким, эч нерсе жок. Сиздер бийлик менен элдин алака-катышына данакердик милдетти аркалап келатасыздар. Акыркы жылдары зор мээнет, сабырдуулук жана чыдамкайлык менен жетишкен тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө ишине телерадио кызматкерлери да өз салымын кошууга тийиш.

Кыргызстан өнүгүү жолуна бет алды. Биз чачылбай турган, өз бообузду өзүбүз бекемдөөгө кудуретибиз жетик улут болуп калыптанып калдык. Мамлекетибизди чыңдоо, ынтымак-ырашкердикти сактоо аркылуу бакубат жана күчтүү Кыргызстанды куруу, жергебиздин керемет жаратылышы, элибиздин меймандос пейили, кылымдап сактап келген маданий жана руханий дөөлөттөрү телерадиодо негизги темалардан болуп калышы керек.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бак-таалай жана чыгармачылык жаңы ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                     Алмазбек Атамбаев». 

2015-жыл 8-декабрь