Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров дарыланып жаткан белгилүү теолог Кадыр Маликовго барып жолугушту

“Мамлекет Сизди жана башка прогрессивдүү эксперттерди колдойт, экстремизмдин жана терроризмдин идеяларына каршы күрөштө силер мындан ары дагы көмөктөшөсүздөр деп ишенет,-деди Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров белгилүү теолог Кадыр Маликовго 2015-жылдын 7-декабрында ооруканага барып ал-ахвалын сураган учурда. – Биз биргелешкен ишибизди улантып, коопсуздуктун чараларын күчөтөбүз. Кыргызстандын Президенти тиешелүү тапшырмаларды берди”.

Темир Жумакадыров  кол салууга дуушар болгон теологдун ден-соолугун сурап, тезирээк сакайып кетишин каалады.

Коргоо кеңешинин катчысы кол салуу болоору менен ички иштер министрлигине Кадыр Маликовду күнү-түнү кайтарууну камсыз кылууга тапшырма берилгенин маалымдады. Тартип сактоо органдары бул кылмышты жасоого шектелген жарандарды ыкчам тактап чыгышты. Белгилүү болгондой, кылмышкерлер Турция Республикасынын территориясында эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын  биргелешкен аракетинин жыйынтыгында кармалган.

Коргоо кеңешинин  катчысынын айтымында кармалгандарды Кыргызстанга экстрадициялоону даярдоо жана кылмыш жасоого тиешеси бар адамдарды тактоо  боюнча  тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Темир Жумакадыров  Кадыр Маликов тез арада сакайып, өз ишмердигин улантып, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөштө коркунучтарды болтурбоо боюнча чара көрүүдө мамлекетке көмөк көрсөтөт деген ишенимин билдирди.

Коргоо кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Кадыр Маликовго дарыланууга 50 миң сом  тапшырды.

2015-жыл 8-декабрь