Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Гюнешли» деңиз платформасындагы трагедияга байланыштуу Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Гюнешли» деңиз платформасындагы трагедияга байланыштуу Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевге көңүл айтты.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан  каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүмдү, ошондой эле жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалагандыгымды жеткирип коюуну өтүнөм”,- деп белгиленет  Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2015-жыл 7-декабрь