Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев алты миллионунчу кыргызстандык жаран менен болжолдуу бир мезгилде төрөлгөн 14 ымыркайдын үй-бүлөсүнө 1 млн 400 миң сом материалдык жардам көрсөттү

Кыргыз  Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, алты миллионунчу кыргызстандык жаран Айлин Кожошева менен болжолдуу бир мезгилде төрөлгөн 14 ымыркайдын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 400 000 (бир миллион төрт жүз миң) сом бөлүндү.

Алты миллионунчу кыргызстандык жаранды аныктаган ведомстволор аралык жумушчу топ 2015-жылдын 27-ноябрында  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 25-ноябрдын саат 18:00нөн 26-ноябрдын  эртең мененки саат 6:00гө чейинки аралыкта төрөлгөн 122 ымыркайдын тизмесин берген.

Ошол тизмеден алты миллионунчу ымыркай төрөлгөн убакытка эң жакын аралыкта  төрөлгөн 10 наристе аныкталган. Тизмеге Ош облусунан үч эне, Ош шаарынан бир, Нарын жана Жалал-Абад облустарынан экиден, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан бирден эне киргизилген. Бардыгы болуп 6 эркек жана 4 кыз төрөлгөн.

Ошол эле учурда тизмедеги он адамдын катарына Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында төрөлгөн ымыркайлар кирбей калган.

Өлкөнүн бардык региондорун камтуу максатында жогоруда аталган тизмеге кошумча түрдө Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында төрөлгөн  бирден ымыркай кошуу сунушталган. Ошентип Президент Алмазбек Атамбаев алты миллионунчу кыргызстандык жаран Айлин Кожошеваны кошкондо 14 ымыркайдын үй-бүлөсүнө бир жолку материалдык жардам көрсөттү.

14  ымыркайдын энелеринин тизмеси  кошо тиркелет.

Ахунова Нурзида Абдилдаевна – Ош облусу

Башихтинова Матлюба Нурматовна - Жалал-Абад облусу

Бусурман кызы Айкөкуль - Ош облусу

Каныбек кызы Махабат – Ош облусу

Кубанычбек кызы Сымбат - Ысык-Көл облусу

Мамажанова Наргиза Номанжановна - Ош шаары

Махмадшоева Гульмира Турсуналиевна - Чүй облусу

Никонова Екатерина Викторовна - Бишкек шаары

Пахырова Тазагүл Гапаровна - Баткен облусу

Токтомамбетова Рамила Жакшылыковна - Талас облусу

Токтоназарова Нургуль Самидиновна - Жалал-Абад облусу

Урматбек кызы Атыркуль - Нарын облусу

Чойбек кызы Назира – Нарын облусу

2015-жыл 3-декабрь