Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулу Ахметованы кабыл алды

Кыргыз  Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 4-декабрында Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулу Ахметованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн чакан жана орто бизнесин максаттуу финансылоонун Программасынын алкагында мамлекеттик банктар менен бирдикте Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду жүзөгө ашырып жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Нурсулу Ахметова мамлекеттик банктар  айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү, иштетүү, тоо кендери жана металлургиялык өнөр жай  тармактарындагы жалпы суммасы 608 млн сомдук 56 долбоор жактырылгандыгын, фонддун дарегине финансылоо өтүнүчү менен билдирмелер  дагы эле түшүп жаткандыгын кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулу Ахметова ошондой эле  Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке максималдуу натыйжалуу катышуусуна өбөлгө түзчү импортту алмаштырууга, жумушчу орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын арттырууга багытталган долбоорлорду каржылоо боюнча мындан аркы ишмердигинин негизги приоритеттерин талкуулашты.

2015-жыл 4-декабрь