Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдык мааракесине карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдык мааракесине карата куттуктоо жолдоду.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз улуттук адабиятынын калыптанып өнүгүшүнө көптөгөн  белгилүү жазуучулар  салым кошкон.  Быйыл  калың кыргыз журтчулугу  ошолордун катарында татыктуу орун ээлеген көркөм сөз чебери, Кыргыз эл жазуучусу маркум Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдык мааракесин  кеңири белгилеп жатат.

Сагындык Өмүрбаев көптөгөн жанрда – поэзияда, прозада жана котормочулукта үзүрлүү эмгектенип, кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө татыктуу салым кошкон. Жазуучунун калеминен  жаралган  көптөгөн чыгармалар,  өзгөчө “Бороондуу күндөр” жана “Телегей” романдары кыргыз элинин сүймөнчүгүнө татып, окурмандардын жүрөгүнөн жылуу түнөк тапты.

Сагындык Өмүрбаев кыргыз окурмандарын дүйнө жазуучуларынын чыгармалары менен тааныштырууга умтулган калемгерлердин бири. Ал Корней Чуковский, Сергей Михалков, Гамзат Цадаса, Гафур Гулямов, Миртемир Турсунов сыяктуу белгилүү акындардын чыгармаларын кыргызчалап, элибиздин руханий жана маданий дүйнөсүн байытууга өз  салымын кошкон.

Сагындык Өмүрбаев   кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун, эмгекчил, ишкер адамдардын кулк-мүнөзүн, чындык менен жалгандын, жакшылык менен жамандыктын күрөшүн терең чагылдырууга умтулган талыкпас эмгекчилдиги менен, айрыкча улуттук адабиятта роман жанрын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон калемгер катары кыргыз  элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

Кыргыз Республикасынын

Президенти         Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 2-декабрь