Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн мекемелерге жалпы суммасы 7 млн 117 миң сомдук финансылык жардам көрсөттү

Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу бүгүн, 2-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн  10 мекемеге акча алууга сертификаттарды тапшыруу салтанаты өткөрүлдү.

Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн мекемелерге керектүү турмуш-тиричилик техникаларын жана буюмдарды сатып алууга 6 млн. 163 миң сом бөлүндү.

Материалдык жардам алган мекемелер: Ак-Суудагы  аялдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме, Беловодскидеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси, Жалал-Абаддагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме, Жайылдагы аялдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме, Кадамжайдагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме, Покровкадагы турмуштук оор кырдаалга туш келген үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүүчү реабилитациялык борбор, Сокулуктагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн  реабилитациялык борбор, Токмоктогу  №1 жана №2-психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелер жана Шопоковдогу ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйү.

Жогоруда аталган өлкөбүздөгү социалдык стационардык мекемелерге мындан тышкары Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу сый тамак уюштурууга 954 миң сом финансылык колдоо көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов социалдык мекемелердин жетекчилерине жана кызматкерлерине эмгеги жана ишине берилгендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ал калкты социалдык жаткан коргоо боюнча маселелер Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралгандыгын баса белгиледи. «Ошондуктан биз калкты социалдык жактан коргоого,  айрыкча ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жашоосуна өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз», - деди Икрамжан Илмиянов.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн мекемелердин жетекчилери өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге аларга көңүл буруп, финансылык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

2015-жыл 2-декабрь