Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БАЭ Президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайянды Бириккен Араб Эмираттарынын жарыяланган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайянды Бириккен Араб Эмираттарынын жарыяланган күнү менен куттуктады.

“Салттуу достукка жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизденген кыргыз-эмират мамилелери элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн кыйшаюусуз өнүгүп, чыңдала берет деп ишенем”,-деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Президентине чың ден-соолук, бак-таалай жана бакубатчылык, ал эми эмират элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 2-декабрь