Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык Конвенциясынын Тараптарынын 21-Конференциясынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 30-ноябрда Франция  Республикасына иш сапарынын алкагында Париж шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык Конвенциясынын Тараптарынын 21-Конференциясынын ачылышына катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

 «Урматтуу Төрага мырза,

Урматтуу Конференциянын катышуучулары!

Сөзүмдүн башында Парижде жакында болгон террористтик акттын натыйжасында көп сандаган адамдар курман болгондугуна байланыштуу Франция элине  дагы бир ирет көңүл айтам.

Терроризмдин бардык актылары кылмыштуу жана мотивдерине карабастан аларды эч качан  актоого болбойт деп эсептейбиз.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Бүгүн биз бул жерге абдан маанилүү максат менен -  жалпы адамзаттын туруктуу өнүгүшүнө глобалдуу чакырык болуп калган климаттын өзгөрүү проблемасын чечүүнүн жолдорун макулдашуу үчүн чогулуп олтурабыз.

Климатын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери биздин өлкөбүздү дагы кыйгап өткөн жок. Кургакчылык мурда болуп көрбөгөндөй биздин  тынчыбызды кетирип, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу калктын оорулары көбөйүүдө.  Борбор Азияда таза суунун калыптанышынын аймагы болуп эсептелген мөңгүлөрдүн тез ээрип баратканы өзгөчө тынчсыздандырууда.

Божомолдор боюнча, 2025-жылы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты орточо эсеп менен 30-40%га кыскарышы ыктымал. Анын натыйжасында  Борбордук Азиянын  дарыяларынын суу деңгээли 25-30%га кыскарышы мүмкүн. Ал эми 2100-жылы Кыргызстандын мөңгүлөрү  Жер картасынан таптакыр жоголуп кетиши ыктымал.

Ошондуктан биздин өлкөбүз  климаттын өзгөрүшү боюнча маселелерди өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык программаларына киргизүү боюнча жигердүү иш жүргүзүп жатат. Алсак, көмүртеги аз жана “жашыл” өнүктүрүү маселелери өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизилип, климаттын өзгөрүшүнө ыкташуунун приоритеттүү багыттары кабыл алынды.

Кыргызстанда атмосферага парник газдарынын чыгындаларынын көлөмү орточо дүйнө көрсөткүчтөрүнөн үч эсе төмөн, ошондой болсо дагы биз митигация боюнча төмөндөгү  чараларды пландаштырып, ишке ашырып жатабыз:

1)    Копенгаген макулдашуусунун алкагында ыктыярдуу милдеттерибизди аткаруу.

2)    Төмөндөгүлөрдү камтыган “Жашыл” экономика принциптерин ишке киргизүү:

-өлкөнүн жылуулук электр борборлорунун чыгындыларын кыскартуу боюнча заманбап технологияларды ишке киргизүү жана пайдалануу;

- салттуу энергия булактарынан  жаңыланма түрлөрүнө, ошондой эле ресурс үнөмдөөгө өтүү. Бул жагынан биз  өзүбүздүн гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдаланалы деген ойдобуз.

Гидроэнергетиканы өнүктүрүү туруктуу өнүгүүнүн жана дүйнөдө экологиялык жактан зыяндуу өнөр жай чыгындыларын олуттуу кыскартуунун маанилүү багыты  болуп саналаарына ишенебиз.

Ошол эле учурда  Кыргызстан калкын кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылыш үчүн биз көмүр кендерин иштетүүгө аргасызбыз. Бирок, биздин милдеттенмелерибиз көмүр кендерин пайдалануу жана жаңы жылуулук электр борборлорун куруу пландарын эске алат.

 Андан тышкары биз улуттук жана регионалдык деңгээлде төмөндөгү чараларды ишке ашырууну сунуш кылабыз:

1)    Тоо экосистемасын, анын ичинде токойлорду дагы калыбына келтирүү жана сактоо;

2)    Суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана суу үнөмдөө технологияларын ишке киргизүү. Бул жагынан “суу тагы” принцибин, же Борбор Азияда “виртуалдуу суу концепциясын” ишке киргизүү зор мааниге ээ;

3)    Климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан жаратылыш кырсыктарына жана өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу үчүн мамлекетти дагы, калкты дагы алдын ала маалымдоо жана даярдыгын жогорулатуу системаларын ишке киргизүү;

4)    Глобалдык жылуу боло баштоого байланыштуу калктын ден-соолугун коргоо боюнча чаралар;

5)    Шаарлардын жана айыл жерлеринин инфраструктурасын жакшыртуу.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Кыргызстан, бизди курчап турган айлана-чөйрөнүн, климаттын өзгөрүшү менен туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын ортосундагы өз ара байланышты түшүнүү менен, глобалдык деңгээлдеги мындан аркы аракеттерди макулдашууда өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын калыс жана адилет кароону жактайт.

Глобалдык келишимдердин архитектурасында максаттары, индикаторлору жана дүйнөлүк коомчулуктун, болочок муундардын алдындагы бардык мамлекеттердин жоопкерчилиги так көрсөтүлгөн макулдашууларга артыкчылык берилиши керек деп эсептейбиз.

Ушуга байланыштуу бул Конференцияда адам ишмердигинин климатка тескери таасир этүүсүн болтурбоого да, Жер шарынын калкын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайланышына да өбөлгө түзүүнүн реалдуу каражаты болуп кала турган жаңы климаттык Келишимди кабыл алууга чакырабыз.

Биз баардыгыбыз Жердин, кийинки муундардын келечеги үчүн жоопкербиз”.

2015-жыл 30-ноябрь