Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык Конвенциясынын Тараптарынын 21-Конференциясына катышып жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 30-ноябрында, Франция Республикасына иш сапарынын алкагында Париж шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык Конвенциясынын Тараптарынын 21-Конференциясынын ачылышына катышып жатат.

Конференциянын башталышында катышуучулар жакында Парижде болгон террористтик акттын натыйжасында каза болгондорду эскеришти.

Конференцияны Франциянын Президенти Франсуа Олланд ачты. Андан соң дүйнөнүн 140тан ашуун өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын алдында БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун жана Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиан чыгып сүйлөштү.

Андан кийин Конференциянын катышуучулары чогуу сүрөткө түшүштү.

Конференция өз ишин улантууда, анын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев катышуучулардын  алдында чыгып сөз сүйлөйт.

2015-жыл 30-ноябрь