Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кинорежиссер Эльдар Рязановдун каза болгондугуна байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 30-ноябрында, кинорежиссер Эльдар Рязановдун каза болгондугуна байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

“Советтер Союзунун жана Россиянын  залкар кинорежиссеру, СССР эл артисти Эльдар Александрович Рязановдун каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Эльдар Александрович  советтик кинематографиянын калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал  бизге таланттуу жана  жөндөмдүү бир топ  актерлорду тартуулаган, ал эми анын фильмдеринин таасири менен бир нече муундагы көрүүчүлөр чоңойгон”,-деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин атынан чын дилинен көңүл айтып, Эльдар Рязановдун  үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүн жолдоду.

2015-жыл 30-ноябрь