Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Францияга иш сапар менен келди

Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 29-ноябрында иш сапар менен Франция Республикасына келди.

Сапардын алкагында 30-ноябрда Мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык Конвенциясынын Тараптарынын 21-Конференциясынын ачылышына катышат.

Бул Конференциянын ишине дүйнөнүн 140тан ашуун өлкөсүнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

2015-жыл 29-ноябрь