Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Нуржан Шайлдабекова менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 28-ноябрда Ош шаарында 2015-жылдын 25-ноябрында төрөлгөн 6 миллионунчу кыргызстандыктын энеси Рахат Белековага жолугушту.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан 6 миллионунчу кыргызстандыктын ата-энесин кыздуу болушу менен куттуктап, ымыркайга чың ден-соолук, узун өмүр, ал эми үй-бүлөсүнө бак-таалай жана бакубатчылык каалашты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Нуржан Шайлдабекова менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева Президенттин атынан алты миллионунчу кыргызстандыктын ата-энесине Ош шаарында 4 бөлмөлүү квартира алууга сертификат жана депозиттик эсеп ачуу үчүн 1 000 000 (бир миллион) сомго сертификат тапшырышты. Андан тышкары Мамлекет башчысынын атынан ымыркайдын ата-энесине 100 000 сом тапшырышты.