Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Биз алты миллион болдук, Кыргызстан калкынын өсүшү элибиздин өлкөбүздүн келечегине болгон ишенимин билдирет»

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 26-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев менен жолугушту. Жолугушууда Өкмөт башчысы Президентке алты миллионунчу кыргызстандык жаран төрөлгөндүгүн сүйүнчүлөдү. 

Өкмөт башчысынын маалыматы боюнча жалпы эл көптөн күткөн алты миллионунчу жаран кыз бала экендигин кабарлады. Ымыркай Ош шаарында саат 18:12де аскердик кызматкер Алмаз Кожошевдин үй-бүлөсүндө төрөлдү. Наристенин энеси Рахат Белекованын дени сак. Ымыркайдын салмагы 3 килограмм 870 грамм, ден-соолугу жакшы.

Кечээ, 25-ноябрдын саат 18:00дөн 26-ноябрдын  саат 06:00гө чейин өлкөбүздүн ар кайсы аймагында 122 ымыркай төрөлгөн.

Президент Алмазбек Атамбаев наристенин ата-энесин куттуктап, ымыркайга чың ден-соолук, узун өмүр, бак-таалай каалады.

Мамлекет башчысы алты миллионунчу жарандын төрөлүшү жалпы Кыргызстан эли үчүн абдан кубанычтуу окуя экендигин белгиледи. “Калктын санынын өсүшү тынч турмуштун, элдин  келечекке ишениминин жана бакубатчылыкка, гүлдөп өнүгүүгө умтулгандыгынын эң негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев  азыркы учурда эң башкы нерсе –  төрөлгөн наристелердин ден-соолугу экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы ымыркайларды жана алардын энелерин керектүү медициналык колдоо менен камсыз кылуу боюнча Премьер-министрге тапшырма берди.

Мамлекет башчысы Өкмөттү алты миллионунчу жарандын үй-бүлөсүнө  анын курамын эске алуу менен өзүнчө турак-жай бөлүп берүүгө милдеттендирди.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев  алты миллионунчу жаранга 1 000 000 (бир миллион) сомдук депозиттик эсеп ачууга, ошондой эле алты миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 10 ымыркайдын үй-бүлөсүнө бир жолку материалдык жардам иретинде 100 000 (жүз миң) сомдон бөлүп берүүгө буйрук берди.

Мамлекет башчысы  бактылуу наристенин ата-энесине куттуктоо телеграммасын жолдоп, Кыргызстан элине куттуктоо менен кайрылды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин телеграммасы жана куттуктоосу басма сөзгө жарыяланат. 

2015-жыл 26-ноябрь