Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-ноябрда алты миллионунчу кыргызстандык жарандын ата-энесине куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
Куттуктоо телеграмманын тексти:
“Ардактуу Алмаз жана Рахат!
Силер чындап бактылуу Эне жана Атасыңар. Кудайым белекке берген наристе силердин үй-бүлө менен кошо бүт Кыргызстан журтун кубанычка бөлөдү.
Эң оболу тогуз ай бою омурткасы сыздаганына кайыл болуп, наристени көтөрүп, аман-эсен жарыкчылыкка жараткан апасына кыргызстандыктардын атынан алкыш айтамын!
Чыгыштын накыл кептеринде: “Адамзат эненин курсагынан жер эненин кучагына түшөт, киндик каны топуракка төгүлөт. Киндик кан тамган топурак ыйык”, - деп айтылат. Балабыз киндик каны тамган Кыргыз жеринин накта жараны болуп өссүн!
“Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн” деген сөз тегин жерден чыккан эмес. Силер да бүт жумурай-журттун ак тилегин актап, үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн болот деп ишенебиз.
Балабыздын башы аман болсун, Кудай чың ден соолук, узун өмүр берсин!Эл-журт берген ак батага татыктуу адам болсун! Үйүңөргө кут консун!
Кыргыз Республикасынын
Президенти Алмазбек Атамбаев”.