Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 25-ноябрында, өлкөбүздүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн мамлекеттик  чек арасындагы жалпы кырдаал, ошондой эле тышкы чектерди коргоону жана кайтарууну бекемдөө, чек арачылардын күжүрмөн даярдыгын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Раимберди Дуйшенбиев  ошондой эле  Евразиялык экономикалык бирликтин стандарттарына ылайык көзөмөлдөп - өткөрүүчү пункттарды реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча  комплекстүү иш чараларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев  мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү, ошондой эле  өлкөнүн чек арасынын кол тийгистигин камсыз кылуу боюнча алдыга коюлган милдеттерди так аткаруу үчүн чек ара бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жана  ийкемдүүлүгүн мындан ары жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

2015-жыл 25-ноябрь