Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Азия футбол конфедерациясынын президенти Шейх Салман бин Ибрагим аль Халифти кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-ноябрда, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Шейх Салман бин Ибрагим аль Халифти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Шейх Салман бин Ибрагим аль Халифке  Азия континентинде футболду өнүктүрүүгө жана  реформа жүргүзүүгө  кошкон салымы, өлкөнүн Футбол федерациясынын демилгелерине колдоо көрсөткөндүгү, Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө багытталган түрдүү долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев акыркы кезде кыргызстандыктар футболго кызыгуусу кыйла  арткандыгын, ал кызыгууга көбүнесе Кыргызстандын улуттук курама командасынын эл аралык мелдештерге катышуусу өбөлгө болуп жаткандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Шейх Салман бин Ибрагим аль Халиф дагы акыркы жылдары Кыргызстан футболду өнүктүрүүдө сезилерлик жыйынтыктарга жана жакшы көрсөткүчтөргө жетише алгандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы менен Азия футбол конфедерациясынын президенти Кыргызстанда футболду өнүктүрүү максатында мындан ары дагы  натыйжалуу кызматташууга   жана  улуттук футболду өнүктүрүү  жана пропагандалоо багытында болжолдонгон бардык долбоорлор өз учурунда ишке ашырылаарына ишенимин билдиришти.

2015-жыл 23-ноябрь