Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21 ноябрда, өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына 17-ноябрь күнү жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат берилди. Зилзаланын жүрүшүндө Ош областы жана Ош шаары боюнча 452 турак үй жана 18 социалдык объектилер жабыр тартып, 10 үй урап калган. «37 социалдык объект жана 590 турак жай капиталдык ремонтту талап кылат», - деди министр.

Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, жабыр тарткан аймактарга кышкы чатырлар жана жарандардын убактылуу жашоосу үчүн ыңгайлаштырылган контейнерлер жеткирилди.

«Элди биринчи кезекте зарыл болгон буюмдар, азык-түлүк, жылытуучу мештер жана көмүр менен камсыз кылуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Жабыр тарткан аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү уюштурулууда», - деди министр.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик органдар жаратылыш кырсыгынан жабыркалаган аймактардын үйү жок калган жашоочуларын суук түшкөнчө убактылуу турак жайлар жана бардык керектүү буюмдар менен  камсыз кылуу зарыл экендигин белгиледи.  «Эч ким көңүл сыртында калбасын», - деди Президент.

Мамлекет башчы ошондой эле социалдык объектилерди жана турак жайларды тез арада калыбына келтирүү жана оңдоо иштерин өзгөчө катуу көзөмөлгө алып, гуманитардык жүктөрдү жеткирүүнү так жөнгө салууну тапшырды.

2015-жыл 21-ноябрь