Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-ноябрда Премьер-министр Темир Сариевге жана Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусундагы калктуу конуштарга барып, жергиликтүү эл менен жолугушууну жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча баардык тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.